15:46 18 октября 2018

Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жумалык башталды

15-октябрь күнү эл аралык «Ала-Тоо» университетинде «Ч.Айтматов – улут сыймыгы» аттуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган жумалык башталды.

Жумалыктын алкагында Роза Айтматованын катышуусунда Ч.Айтматов атындагы кабинеттин ачылышы болду. Филология кафедрасы жана студенттеринин чеберчилиги менен атайын жасалган бөлмө жөнүндө кафедранын жетекчиси филология илимдеринин кандидаты, доцент Нурзат Казакова маалымат берди. Катышуучулар бөлмө менен таанышкан соң, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан чагылдырылган каллиграфия жана сүрөт көргөзмөсүн кыдырышты.

Роза Айтматова бул иш-чарада студенттердин ишмердүүлүгүнө жогорку баа берип, студенттердин чыгармаларды чагылдырып берүүдөн мурда аны канчалык деңгээлде жакшы түшунгөнүн баса белгилеп кетти.

Программанын түштөн кийинки бөлүгүндө Роза Айтматова, кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев, филолгия илимдеринин доктору, илим жана техника багытындагы К.Тыныстанов атындагы сыйлыктын лауреаты Айнура Кадырманбекова жана университеттин жалпы жамаатынын катышуусунда салтанаттуу кече уюштурулду.

болду. Филология кафедрасы жана студенттеринин чеберчилиги менен атайын жасалган бөлмө жөнүндө кафедранын жетекчиси
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть