17:09 18 октября 2018

ЖАМУда "Тамашоунун" 2-сезону ачылды

ЖАМУнун Жаштар комитети тарабынан 17-октябрь күнү факультеттер аралык "Тамашоу" оюнунун 2-сезонунун ачылыш аземи болуп өттү. Ага ар факультеттин курама командалары катышып, күч сынашты, дейт уюштуруучулар.

Аталган оюн 4 категориянын негизинде өттү:

1. Саламдашуу ;

2. Freestyle;

3. Үй тапшырма (музыкалык сынак);

4. Суроо-жооп.

"Оюнга жалпысынан 7 команда катышып, иш-чаранын жыйынтыгында башкалардан өзгөчөлөнүп, "Мыкты команда" номинациясы менен экономикалык-юридикалык факультетинин курама командасы сыйланды. "Мыкты оюнчу" деп педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин курама командасынын оюнчусу Касымбек кызы Нуриза аталды. Ал эми "Мыкты тамаша" номинациясы медколледждин "Медлайн+" командасына ыйгарылды", - деп билдирди Жаштар комитеттин төрагасы Адилет Усенов.

Калыстар тобу:

Рыспай Шаимкулов – калыстар тобунун төрагасы, маданий эстетикалык борбордун жетекчиси,

Адилет Усенов – мүчө, Жаштар комитетинин төрагасы,

Исхак Аширалиев – мүчө, Жалал-Абад "Тамашоу" лигасынын өкүлү,

Айдана Айдаралиева – мүчө, ЖАМУнун "JASU STAR'S" курама командасынын мүчөсү.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жалпы 6 факультет, 6 колледж жана 2 институт өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть