17:14 18 октября 2018

Жалал-Абад колледжинин студенттери 40 жарандан кабар алды

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин студенттери “Улгайган адамдардын күнүнө“ карата Жалал-Абад шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган жарандарды майрамы менен куттуктап, моралдык колдоо көргөзүп келишти. Бул туралуу ЖАКтын тарбия иштери боюнча директордун орун басары билдирди.

Студенттер өз демилгелери менен каражат жыйнашып, Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын улгайган жарандар бөлүмүндө каттоодо турган шаардын ар кайсыл жеринде жашаган улгайган инсандардан жеринде кабар алышып, атайын азык-түлүк, кийим-кечелерди тапшырышкан. “Алар дагы кезинде жаш болуп, коомго пайдалуу иштерди аткарышкан. Ардактуу эс алуудагыларга моралдык жактан колдоо көрсөтүү менен алардан баталарын алуу кийинки муундун парзы жана милдети катары кабыл алабыз. Ошондой эле ар убак колдоо көрсөтүп турабыз”, - дейт ЖАКтын тарбия иштери боюнча директордун орун басары.

Анын айтымында, Жалал-Абад колледжинин студенттери Карылар күнүнө карата жарыяланган жумалыктын алкагында 40 жарандан кабар алды. Ал эми колледжде жалпы 3000ге жакын жаштар билим алып жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть