13:57 19 октября 2018

Ошто Социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошуундун күнүнө карата аймактык конференция өтүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 19-октябрда Социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошуундун күнүнө карата жана ЕС колдоосу менен Финляндиянын ABILIS фондунун “ДМЧ адамдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана катышуусу” окуу программаларынын тапшырмаларын аткаруу боюнча “Азыркы учурдагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата социалдык иштердин социалдык-укуктук маселелери жана чечүү жолдору” аттуу аймактык илимий –практикалык конференция өтүп жатат.

Конференцияда ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Идирис Кенжаев жана Юридика факультетинин деканы Гулсара Кулдышева социалдык кызматкерлердин жана кесиптик кошундун күнү менен ушул тармакта эмгектенген кызматкерлерди жана билим алып жаткан студенттерди куттуктады.

Конференциянын жүрүшү Кара-Суу районундагы “Сезим” кризистик борборунун директору К. Майнаев “Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга укуктук жана маалыматтык жардам көрсөтүү”, “Калктын аярлуу катмарларын колдоо жана өнүктүрүү” коомдук фондунун директору, Улуттук “Жаңырык” желесинин жетекчиси З.Эшмурзаева “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алууга укуктарын камсыздоо эффективдүү мыйзамдык негизди талап кылган көйгөйлөр жана перспективалар”, ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы А.Аккулов “Профсоюздук ишмердиктеги социалдык камкордук аспектисинин орду жана мааниси”, ЖАМУнун тарых кафедрасынын башчысы Э.Авазов “Кыргызстандагы социалдык иштердин калыптануусунун жана өнүгүүсүнүн тарыхы” деген темаларда баяндамалар, концерттик программалар менен коштолду.

Конференция эки бөлүктөн туруп, экинчи бөлүгү секциялык отурумдар менен улантылат.

Социалдык кызматкерлер мамлекеттин жардамына жана камкордугуна муктаж жарандарга колдоо көрсөтүп, улгайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөргө жардам колун созушат. Ош мамлекеттик университети да социалдык жактан жардамга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, улгайган адамдарга, балдарга ар дайым моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп келет.

Аталган иш чара Юридика факультетинин социалдык иштер кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть