15:16 22 октября 2018

КУАУнун айыл чарбасын механизациялаштыруу кафедрасына профессор Төлөмүш Орозалиевдин ысымы ыйгарылды

2018-жылдын 19-октябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун инженердик-техникалык факультетинде айыл чарбасын механизациялаштыруу кафедрасына КР Инженердик академиясынын академиги, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген рационализатору, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Төлөмүш Орозалиевдин ысымын ыйгаруу салтанаты болуп өттү. Иш-чарага университеттин ректору, УИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор Р.Нургазиев, УИАнын академиги А.Жайнаков, “Элет агрохолдинг” ЖЧКсынын башкы директору А.Акназаров, проректорлор, факультеттин декандары жана инженердик-техникалык факультеттин профессор-окутуучулары катышышты.

Окумуштуунун көп жылдык үзүрлүү эмгегин, университеттин өнүгүшүнө кошкон зор салымын эске алып, профессор Т.Орозалиевдин ысымын өзү көп жыл эмгектенген аталган кафедрага ыйгаруу чечими 2018-жылдын 18-сентябрында КУАУнун Окумуштуулар кеңешинде кабыл алынган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть