15:28 22 октября 2018

№3 Лебединовка орто мектебинде "Диний экстримизм" деген темада талкуу жүрдү

18-октябрда Восток айылындагы №3 Лебединовка орто мектебинде 8-10-класстардын окуучулары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Ж.Мамбетжанов, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Н.Жунушова, этнос аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы А.Кадыралиев жана МУКК кызматкерлери менен жолугушту.

"Кыргыз Республикасы светтик өлкө болгондуктан, ар бир жарандын дин тутуусу өз эркинде жана намаз окугандыгы же окубагандыгы үчүн эч ким жоопко тарталбайт. Азыркы учурда диний уюмдардын жана диний агымдадын саны көбөйүүдө. Бул туура эмес диний агымдардын санынын өсүшү мамлекеттин келечегине зыян тийгизиши ыктымал. Диний окуу жайларды мамлекет жөнгө салуусу керек, себеби кээ бир окуу жайларда стандарт жок же окуу куралдары жетишсиз", - дейт Ж.Мамбетжанов.

Сүйлөшүү учурунда окуучуларга кошумча экстримизмди алдын алуу керектиги, бардык жактан кабардар болуп, билим алуудан качпөө жана билимге умтулуу жөнүндө айтылды.

"Ар кандай чыр-чатактардын алдын алуубуз зарыл. Биз кңп улуттуу өлкө болгондуктан, бири-бирибизди сыйлап, урматтообуз керек", - деди А.Кадыралиев.

Балдар бул жолугушууда келген конокторго кошумча дагы суроолорду беришти.Жалпысынан азыркы учурдагы интернетке байланыштуу келген маалыматты кандай кабыл алуу керектиги жөнүндө суроолор болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть