Жалал-Абад мамлекеттик университетине Батыш Чех университетиндеги философия факультетинин археология кафедрасынын башчысы Павел Вержека башында турган өкүлдөр келип, археологиялык илимий изилдөө иштерди биргеликте өнүктүрүү максатында тарых кафедрасы менен эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдашуу жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Эрнис Авазов кабарлады.
Макулдашууга ЖАМУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор К.Усенов, педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Р.Шамшиев, тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Э.Авазов жана профессор-окутуучулар катышты.
“Кыргызстандын аймагында археологиялык изилдөөгө муктаж жерлер арбын. Келечекте жаштардын изилдөөсүнө изги жол ачуу максатында аталган окуу жай менен иш алып барууну көздөөдөбүз. Бул менен студенттерге жана илим изилдөөчүлөргө шарт түзүлөт”, - дейт Э.Авазов.