15:29 26 октября 2018

ЖАМУда Профилактория санаториясы өз ишин баштады

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бир катар иштер аткарылууда. ЖОЖдун студенттери үчүн Профилактория санаториясы ачылып, анда жаштар эс алууда.

Санатроиянын башчысы Жунусалы Макамбаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы санаториянын ишин жандандыруу демилгеси окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов тарабынан көтөрүлүп, ЖАМУнун кесиптик кошууну менен биргеликте иш жүзүнө ашырылган.

Профилактория санаториясы 2018-2019-окуу жылына карата жаңы сезонун ачып, алгачкы эс алуучуларын кабыл алган жана 29-сентябрдан 9-октябрга чейин 50 студент эс алып кетти. «Студенттер окуу менен катар эс алып, ден соолугун чыңдоосуна шарт түзүлдү. Күнүгө 3 маал ысык тамак берилет жана дарыланып, ал жерде жашашат. Имараттын ичи косметикалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Эс алууну каалаган студенттер ЖАМУнун кесиптик кошуунунан жолдомо сатып алат. Ар бир балага күнүнө 190 сом бөлүнгөн жана 15 күн эс алууга болот», - деп кошумчалады профилактория-санаториянын башчысы.

Профилактория-санаториясы 2013-жылы ачылып, ошондон бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть