Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчилиги 30-октябрь күнү ЖАМУга келип, эки тараптын ортосунда меморандумга кол коюлду. Бул жолугушуу ЖАМУда ишке ашып жаткан «Еразмус+» программасынын «ROAD» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы, Түштүк аймактык өкүлчүлүгүн башчысы, Жалал-Абад облусунун өкүлү жана ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов, окуу жайдын эл аралык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гүлнура Маткалыкова катышты. Бул меморандум беш тараптуу болмокчу: ЖАМУ, К.Тыныстанов атындагы университет, И.Арабаев атындагы университет, Capacity Bilding консалтинг компаниясы жана КРнын мамлекеттик кадр кызматы. Тараптар биргелешкен долбоорлорду чогуу ишке ашырууну, ошондой эле мындан ары өз ара кызматташуу боюнча пландарды талкуулашты.