ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинин финансы жана кредит кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты студенттери менен биргеликте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Эне тил жана Айтматов» аттуу жарыяланган үч айлыктын негизинде адабий-көркөм иш-чара өткөрүштү.
Бул иш-чарага ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы филология илимдеринин доктору, профессор К.Калчакеев, ЭЮФтун профессору А.Зулпукаров, финансы жана кредит кафедрасынын башчысы экономика илимдеринин кандидаты, доцент А.Карбекова жана ЭЮФтун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер катышышты.
«Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет», - деп айткан Ч.Айтматов биздин тил жөнүндө. Залкар жазуучуну кыргыз тилинин өнүгүүсүнө өз чыгармалары менен опол тоодой салым кошкон инсан катары билебиз. Бүгүнкү иш-чарада Ч. Айтматовдун чыгармаларынан инсценировкалар коюлуп, анын калемине таандык «Ыссык-Көлдү сагынуу» аттуу обондуу чыгармасын студенттер аткарышты. Андан сырткары, мамлекеттик тил жөнүндө ырлар ырдалып, улуттук бий бийлешти", - дейт кафедра башчы.
Иш-чарага финансы жана кредит адистигинин 50дөн ашык студенти катышып, 200дөн ашык көрүүчүлөр келди.