10:42 2 ноября 2018

ЖАМУда комузчу жана аткаруучу Нурбек Шамуратовдун отчеттук концерти болду

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Маданий-эстетикалык борборунун адиси, комузчу, обончу жана аткаруучу Нурбек Шамуратовдун отчеттук концерти болду. Концерт окуу жайдын чоң жыйындар залында болуп, ага конок катары сахналаш Т.Тыныбеков атындагы филармониянын кызматкерлери да катышты.

Чыгармачылык кечеде Н.Шамуратовдун аткаруусундагы ырлар жаңырып, Т.Тыныбеков атындагы филармониянын ырчылары менен биргеликте аткарган дуэттерин тартуулады. Ошондой эле куйкум сөздүү «Бойдок чалдар» көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөсө, КРнын Эл артистери Ш.Талипова, А.Бедияров конок катары катышты. Ошондой эле маданияттын мыкты кызматкери Н.Темиркулова, «Нур» тобунун жетекчиси Самаган Кочкоров жана Э.Балтагулов жубайы Г.Жумабекова менен конок катары чыгармаларын тартуулашты.

Куттуктоо сөзгө чыккан окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов Н.Шамуратовго чыгармачылык эргүү жана ийгиликтерди каалап өттү. «Университетте өткөрүлгөн маданий иш-чараларды мыкты уюштуруп, окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошууда. Чыгармачылыкка шыктуу студенттерге комуз үйрөтүп, аларга чыгармачылык шык берүүдө. Келечекте мыкты шакирттерди даярдап, алдыңкы устат болушуңа тилектешмин», - деген каалоо тилегин билдирди ал.

Н.Шамуратов 1985-жылы Сузак районунун Барпы айылында туулган. Ал чоң сахнага чыкканына 4 жыл болуп, анын аткаруусунда 32 чыгарма болсо, анын алтоосунун обону өзүнө таандык. Ал эми ЖАМУнун алдында «Жаш канат» аттуу комуз ийримин ачып, комузга кызыккан жаштарга комуз үрөтүүдө, бүгүнкү күндө анын окуучуларынын саны 10го жетти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть