Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин жамааты Ош шаарындагы «Алымбек датка айылы» этнографиялык музей комплексиндеги Алымбек датканын эстелигине гүл коюшту. Ошондой эле ата-бабалар эскерилип, куран окулду.
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Кыргызстандын калыптануусундагы жана өнүгүүсүндөгү тарыхый инсандардын ролуна байланыштуу тиешелүү иш-чаралар университеттин башка структураларында да өткөрүлөт.
2017-жылы 7-8-ноябрь «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» катары жарыяланган. Бул күнү 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө, февраль жана октябрь революцияларында, репрессияда курман болгон ата-бабалар эскерилет.
«Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт» демекчи, өткөндү барктап, көзү өткөн ата-баларды эскерип туруу тирүүлөрдүн парзы.