16:24 6 ноября 2018

Жалал-Абадда студенттер менен окутуучулар ата-бабаларды эскеришти

Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында 6-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышып, тарыхый окуяларга байланыштуу орнотулган эстеликке гүл коюшту.

ЖАМУнун окуу иштери боюнча биринчи проректору Атабек Алибаевдин айтымында, бүткүл өлкө боюнча көп улуттуу кыргыз элинин жашоо-турмушундагы маанилүү тарыхый окуяларына, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүүгө арналган иш-чаралар экинчи жылы белгиленип жатат.

«Бул күнгө карата атайын университет тарабынан иш-чаралар уюштурулуп, ата-бабаларыбыз жөнүндө студенттерге ачык сабактар, тегерек үстөлдөр жана илимий конференциялар уюштурулган. Ал эми борбордук аянтка саясий репрециялардын курмандыктарын эскерүү жөнүндө тарыхый инсандардын сүрөттөрү жана өмүр таржымалы түшүрүлгөн баннерлер даярдалып коюлду. Ушул бакубат заманды өздөрүнүн өмүрүн арнап, бизге мурас катары калтырып кеткен ата-бабаларыбызды эскерүү азыркы муундун милдети», - дейт А.Алибаев.

Кыргыз Республикасында биринчи жолу 2017-жылдын 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленген. Тийиштүү жарлыкка экс-президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть