9:51 13 ноября 2018

Жалал-Абад колледжинде 2018-2019-окуу жылы «Окутуунун сапатын көтөрүү жылы» деп жарыяланды

Жалал-Абад колледжинде жалпы окутуучулардын чечими менен 2018-2019-окуу жылы «Окутуунун сапатын көтөрүү жылы» деп жарыяланды.

«Анын алкагында колледждеги өтүлүп жаткан сабактардын сапатын көтөрүү жана ар бир окутуучунун өз сабактарын өтүүдө жоопкерчилигин арттыруу максатында көзөмөл күчөтүлөт. Окутуучуларга методикалык жардам берүү жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында ар ишемби күнү мастер-класстар уюштурулат. Буга чейин 2018-жылдын 13-октябрынан бери 5 мастер-класс өтүлдү. Окутуучулар кызыгуу менен алдын ала жазылып катышууда. Өтүлгөн мастер-класстарга катышуучулардын кызыгуусу артып, алар өз натыйжасын берүүдө», – дейт колледждин директору Бариса Турдубаева.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть