11:11 13 ноября 2018

ЖАМУда Жаштар жумалыгы баштылды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 12-ноябрдан 17-ноябрга чейин жаштар жумалыгы старт алды. Жумалык 10-ноябрь — Жаштар күнүнө жана 17-ноябрь — Студенттер күнүнө карата уюшулганын айтат ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов.

Жаштарга арналган иш-чаранын алгачкы күнү «Дени сак жаштар, дени сак өлкө» аталышындагы спорттук оюндар менен башталды. Мында волейбол, футбол оюндары боюнча факультет-колледждердин курама командалары беттешишти.

«Ден соолугу мыкты инсан билим алууга, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана коомдук иштерге активдүү катышууга ынтызар болот. Андыктан жаштардын ден соолугуна, билим алуусуна өбөлгө түзүү максатында ар убак спорттук оюндарды уюштуруп, спортко үндөп келебиз. Мындай саамалыктар Жаштар жумалыгынын алкагында дагы да улантылат», - дейт А.Усенов.

Кыздар арасында волейбол беттешинин жыйынтыгы:

I орун – Жалал-Абад колледжи

II орун – Педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети

III орун – Филология факультети

Ал эми балдар арасындагы волейбол оюнунун жыйынтыгы:

I орун - Педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети

II орун – Жалал-Абад колледжи

III орун – Табигый-техникалык факультети

Балдар арасында футболдук беттеште 6 команда катышып, жыйынтыгында:

I орун – Педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультети

II орун – Медициналык факультети

III орун – Экономикалык-юридикалык факультети.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть