Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Көчмөндөр маданияты – 2018» аттуу фестивалынын ачылыш аземи болду. Ага университеттин окуу иштери боюнча биринчи проректору Атабек Алибаев, социлдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Айгүл Доранова, декандар, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышууда.
Алгач көчмөн элдердин улуттук спорттук оюндары орун алды. Оюнга факультеттердин атынан студенттер катышып жатат. Ошондой эле боз үй тигилип, көчмөн элдеринин улуттук тамак-аштары, кийим-кечелеринин көргөзмөсү болууда.
«Көчмөн элдеринин улуттук оюндары болгон күрөш, ордо, тогуз коргоол оюндары ойнолууда. Мыктылардын мыктысы тандалып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи фестивалдын маданий бөлүгүндө болуп, окуу жай тарабынан сыйлыктар тапшырылат», - дейт Айгүл Доранова.
Аталган фестиваль факультеттер арасында быйыл экинчи жолу уюшулууда.