12:59 14 ноября 2018

ОшМУда Кыргыз-Түрк факультети ачылды

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз-Түрк факультети ачылды. Факультет Түркиянын Кастамону университети менен кызматташуунун алкагында 2018-жылдын 25-майында Окумуштуулар кеңешинин чечиминин жана ректор Каныбек Исаковдун буйругунун негизинде ачылган. Саамалыкка келген Кастамону университетинин ректору, профессор, доктор Сейит Айдын жана Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Режеп Сула баштаган делегацияны ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча поректору Абдыганы Абдувалиев, Кыргыз-Түрк факультетинин деканы Тимур Козукулов жана университеттин профессордук-окутуучулук жамааты тосуп алды.

Алгач коноктор Кыргыз-Түрк факультетининин кызыл тасмасын кесишип, факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери менен жолугуп, пикир алышты.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү университеттин башкы имаратында уланып, ОшМУ менен Костамону университетинин ортосунда «Кош диплом берүү» боюнча келишимге кол коюлду. Салтанатта Кыргыз-Түрк факультетинин таланттуу студенттеринин концерттик программасы тартууланды.

Келишимдерге ылайык, Кыргыз-Түрк факультетинин студенттери эки университеттен билим алып, практикадан өтөшүп, эки университеттин (кош диплом) дипломдоруна ээ болушат. Ошондой эле магистратура, докторантурага тапшырууга да ыңгайлуу шарттар каралган. Келишимде эки окуу жай биргелешкен билим берүү жана илим изилдөө программаларын ишке ашыруу, эл аралык конференцияларды уюштуруу жана тажрыйба алмашуу жумуштарын жүргүзүү боюнча да иштер камтылган.

Кыргыз-Түрк факультетинде экономика, журналистика (коомчулук менен байланыш жана журналистика иши), туризм (туризм жана мейманкана иши), программалоо инженериясы адистиктеринде 100гө жакын студенттер билим алышууда.

ОшМУ учурда дүйнөдөгү 40тан ашуун өлкөнүн 180 университети менен түздөн-түз кызматташып келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть