15:59 14 ноября 2018

ЖАМУнун окутуучулары Лиссабон техникалык университетинде болушту

ЖАМУда ишке ашып жаткан Erasmus+ программасынын ROAD долбоорунун алкагында, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин деканы Айнура Аскарова, экономикалык билим берүү кафедрасынын башчысы Эмил Төлөнов жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Гулнура Маткалыкова 5-ноябрдан 9-ноябрга чейин Лиссабон техникалык университеинде (Tecnico Lisboa, Portugal) семинар-тренингге катышып келишти.

Семнар-тренингдин максаты – каржылык көзөмөл, аудит жана мамлекеттик программалардын чыгашаларын баалоо.

«ROAD долбоорунун негизинде ЖАМУга 23 миң евро гранттык негизде бөлүнүп, ага «Мамлекеттик кызматкерлерди окутуу жана кеңеш берүү» борбору ачылган. Эми ал борбордо биздин профессор-окутуучулар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Кадр кызматы менен биргеликте, жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер үчүн ар кандай окутууларды уюштурат», - дейт ЖАМУнун эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы.

Ал билдиргендей, Лиссабон техникалык университеинде (Tecnico Lisboa, Portugal) өткөн семинар-тренингге К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Capacity Bilding консолтинг тайпасынын окутуучулары да барышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть