2018-жылдын 15-ноябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Социалисттик эмгектин эки жолку Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Таштанбек Акматовдун 80 жылдык мааракесине арналган «Айыл чарба өндрүшүнүн устаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, Таштанбек Акматовдун айкелинин жана окуу кабинетинин ачылышы болду.
Иш чарага КУАУнун ректору Р.Нургазиев, УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, ветеринария илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры Таштанбек Акматов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев, УИАнын корреспондент-мүчөсү, биотехнология институтунун директору, ветеринария илимдеринин доктору, профессор А.Жунушев, Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык академиясынын «Ардактуу профессору» Н.Кемелбае, КУАУнун «Ардактуу профессору», коомдук ишмер Т.Узакбаев, университеттин профессор-окутуучулар жааматы жана студенттер катышышты.
Иш-чаранын соңунда студенттердин күчү менен даярдалган чакан концерт тартууланды.