10:34 16 ноября 2018

Сокулукта мал чарбасындагы асыл тукум иштеринин жетишкендиктери боюнча республикалык семинар болуп өттү

2018-жылдын 13-ноябрында Сокулук районунун «Манас» дыйкан чарбасында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министирлиги тарабынан уюштурулган «Мал чарбасындагы асыл тукум иштеринин жетишкендиктери жана асыл-тукум иштерин эсепке алуу» аттуу республикалык семинар болуп өттү. Семинарга республиканын бардык аймактарынан асыл тукум мал өстүргөн фермерлер, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун окумуштуулары, малды уруктандыруу шаймандарын чыгарган россиялык компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Семинардын негизги — фермер-малчылардын асыл-тукум иштери жаатында билимин жогорулатуу жана асыл тукум иштерин жүргүзүү боюнча эсепке алуу тажрыйбаларды үйрөтүү, малды жасалма жол менен уруктандыруунун алдыңкы ыкмаларын туура пайдалануу, тоюттандыруунун алдыңкы технологияларын демонстрациялоо, койдун терисин иштетүү, жайыттарды туура пайдалануу маселелерин чагылдыруу, ветеринардык-санитардык иш-чараларды өткөрүү жана малга эн салуунун методдорун демонстрациялоо.

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен илим бөлүмүнүн кызматкерлери, ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин деканы, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Б.Акназаров жана айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы факультетинин деканы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор С.Деркембаев катышып, малчы-фермерлерге, семинардын катышуучуларына кеңири кеңештерин беришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть