11:17 16 ноября 2018

ЖАМУда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү, Илим күндөрү белигелинди

«Тарых жана ата-бабаларды эскерүү», «Илим» күндөрүнө карата ЖАМУнун чоң жыйындар залында илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференция ЖАМУнун илимий иштер боюнча проректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.Алыбаевдин сөзү менен ачылып, ЖАМУнун ректору тарых илимдеринин доктору, профессор К.Усенов тарых жана ата-бабаларды эскерүү тууралуу сөз сүйлөп, окутуучуларды, студенттерди Илим күнү менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Конференциянын жүрүшүндө профессордук-окутуучулар тарабынан 7 пленардык илимий баяндамалар жасалды.

1-баяндама: филология илимдеринин доктору, профессор А.Эшиев — «Манас» эпосунун доорунан кийинки Кыргыз журту»

2-баяндама: тарых илимдеринин кандидаты, доцент Э.Авазов — «Кыргызстандагы советтик улуттук мамлекеттүүлүктүн калыптанышы»

3-баяндама: физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Б.Чотонов — «Кремний хлоридин калыбына келтирүүдө, аралашмалардын квазистатикалык процеси»

4-баяндама: филология илимдеринин кандидаты Г.Токтогулова — «Тил саясатынын эволюциясы»

5-баяндама: тарых илимдеринин кандидаты В.Анарбекова — «1916-жылдагы Үркүндүн элдик оозеки чыгармачылыкта чагылдырылышы»

6-баяндама: Ж.Мамадразаков, Алымкул кызы Даткайым — «Кыргыз тилин маалыматтык технологияларында («Эл сөзү» колдонмо программасынын мисалында)»

7-баяндама: А.Ыстамбаев — «Жогорку билим берүү – экономикалык продукт катары»

Профессордук-окутуучулар тарабынан суроолор, сунуштар айтылып, жооптор алынды.

Конференцияда 14 секция иш алып барып, анда 282 илимий баяндама жасалды. Жыйынтыгында секция башчыларынын протоколдорунун негизинде секциядагы мыкты илимий баяндамалары үчүн I, II, III даражадагы дипломдор таршырылды.

Ал эми илимий баяндамалар «ЖАМУнун жарчысы» басылмасына сунушталды. Конференцияга 300дөн ашуун студент, 80 профессордук-окутуучулук курам катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть