Математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин окутуучусу Аида Келдибекова Москва шаарында өткөн эл аралык окуу-усулдук колдонмолор сынагына катышып, «Эң мыкты окуу-усулдук колдонмо» наамын жеңди.
Эл аралык окумуштуулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган сынакка Россия, Болгария, Украина, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 350дөн ашуун илимпоз катышып, 300гө жакын окуу-усулдук колдонмолору коюлган.
Аида Келдибекова мындан сырткары, башка да сынактарга катышып келет. Барселонада өткөн эл аралык китеп көргөзмөсүндө, Париждеги сынакта алтын медаль, дипломдор, илимге кошкон салымы үчүн Вернадский медалы менен сыйланган. Анын 7 китеби, 80ден ашуун илимий эмгектери, макалалары бар.