9:50 19 ноября 2018

ЖАМУнун 4 студенти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин диплому менен сыйланышты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 4 студенти Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин диплому менен сыйланышты. Аталган министрлик куткаруучулук адистигин тандаган жана коомдук иштерге активдүү катышыкан студенттерди 17-ноябрь — Эл аралык студенттер күнү менен куттуктап, дипломдорду ыйгарды. Жаштарга мындай көңүл буруу, колдоо көргөзүү аларга стимул берет, дейт ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин деканы Жакып Шамиев.

«Келечектеги мыкты кесип ээси катары, сизди 17-ноябрь — Эл аралык студенттер күнү менен куттуктайм! Сиз коомдун прогрессивдүү катмары катары өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деп ишенем. Өлкөнүн келечеги билимдүү, жоопкерчиликтүү жаштардын колунда. Сизге бекем ден соолук, окуудагы ийгиликтерди каалайм. Билим алууда жакшы жетишкендик көп болсун!», - деп жазылган дипломдор төмөнкү студенттерге ыйгарылды:

- Сыргабаев Айдарбек – табигый-техникалык факультетинин «өзгөчө кардаалдардан коргоо» адистигинин 3-курсунун студенти,

- Нажимидин уулу Адилет – табигый-техникалык факультетинин «өзгөчө кардаалдардан коргоо» адистигинин 3-курсунун студенти,

- Сагынбаев Эмилбек – Жалал-Абад колледжинин студенти,

- Барпыбаева Гүлчахра – Жалал-Абад колледжинин студенти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть