13:31 19 ноября 2018

Аламүдүндөгү Пригород орто мектебинде балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо максатында жыйын өткөрүлдү

Аламүдүн районуна караштуу Пригород жалпы билим берүүчү орто мектебинде 15-ноябрь күнү диний экстремизмге жана терроризимге каршы туруу, райондогу диний кырдаалды аныктоо, элдин биримдигин жана этнос аралык мамилелерди чыңдоо, балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо максатында жыйын болуп өттү. Жыйынды мектеп директору А.Исманова ачты.

Иш-чарага Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси А.Адашпасов, райондук имам А.Анаркулов, КР өкмөтүнө караштуу Өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси О.Байгазиев, Этнос аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы А.Кадыралиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери У.Шералиев, РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматкери А.Кулалиев, Пригород айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Шеримбеков, Пригород айыл мечитинин имамы Нурмамат уулу Жоомарт, ЖӨИнин тескөөчүсү Төлөнбек уулу Сагындык, мектеп директору А.Исманова, мектептин соцпедагогу Г.Айдаралиева  жана 9-11-класстын окуучулары, класс жетекчилери катышты.

Этнос аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамасынын жооптуу катчысы Айдар Кадыралиев жыйынга келген меймандарга кезеги менен сөз берди.

Жыйындын акырында Пригород жалпы билим берүүчү орто мектебинин соцпедагогу билдиргендей, мектепте көп улуттун балдары окушат жана улуттар аралык ынтымак, достук, кызматташтык боюнча бир айлык план түзүлүп, декада жүрөт. Анда 1-11-класс окуучуларына ачык класстык сааттар өтүлүп, ар улуттун тарыхы, каада-салттары, үрп-адаттары, улуттук кийими, ыр-бийлери, тамак-аштары жөнүндө маалымат алышат, дубал гезит, сүроө, буклет чыгаруу сынактары болуп, окуучуларды ынтымактуулукка тарбиялашат. Жыйынга келип, экстремизм, терроризмге каршы туруу, элдердин биримдигин жана этнос аралык мамилелерди чыңдоо жана балдарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо, аны алдын алуу боюнча көп маалыматтарды айтып бергендерге ыраазычылык билдирилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть