Ош мамлекеттик университетинин, Кыргы-Түрк «Манас» университетинин жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ортосунда Инклюзивдүү билим берүү боюнча он-лайн режимде брейн-ринг уюштурулуп, жыйынтыгында ОшМУнун командасы 1-орунду ээледи.
Атайын комиссиянын жыйынтыгында 1-орунду ээлеген ОшМУнун командасына Борбор Азиядагы Евразия Фонду тарабынан психологиялык китептер белекке берилди.
Аталган он-лайн брейн-ринг ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин психология кафедрасынын демилгеси менен уюштурулуп, психология адистигинде билим алып жаткан студенттер катышты.