13:27 26 ноября 2018

Ошто «Америка маданиятынын жумалыгы» башталды

Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин Америка борбору тарабынан «Америка маданиятынын жумалыгы» башталды. 26-ноябрдан 30-ноябрга чейин пландаштырылган жумалыктын алгачкы иш-чарасы университеттин башкы имаратында уюштурулду.

Мында окуу жайдын башкы имаратына сүрөт, тамак-аш көргөзмөлөрү коюлду. Ошондой эле студенттер АКШнын тарыхы жана маданияты камтылган улуттук кийимдерди кийишип, ал өлкөдөгү маданият, тарых, өнөр тармагында эмгеги сиңген улуу адамдарды чагылдырганга аракет жасашып, инценировкалар коюлду.

Жумалыктын экинчи күнүндө студенттер шаардагы «Семетей» кинотеатрынан жумалыкка ылайыкташкан кино көрүшсө, үчүнчү күнү АКШнын ЖОЖдорунан билим, тажрыйба алмашып келүүгө ылайыкташкан программалар боюнча маалыматтар берилип, төртүнчү күнү Америка таануу темасында «Акыл таймаш», бешинчи күнү «Адабияттан бир» деген аталыштагы иш-чара менен коштолот.

«Биз студенттерге тилди гана үйрөтпөстөн, ошол элдин маданиятын, үрп-адатын кошо таанытабыз», - деди америка таануу жана котормо кафедрасынын башчысы Гүлзат Аипова.

Аталган иш-чара дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин Америка борбору тарабынан уюштурулууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть