14:37 29 ноября 2018

ОшТУ менен Тажикстан улуттук университетинин ортосунда келишим түзүлдү

2018-жылдын 22-23-ноябрь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарындагы Тажикстан улуттук университетинде Шанхай Кызматташтык Уюумунун малекеттик-мүчөлөрүнүн XII билим берүү жумалыгы өткөрүлдү. Анда «ШКУ университеттеринин биргелешкен билим берүү программасын чогуу ишке ашыруу жана эффекетүүлүгүн жогорулатуу» деген темада тегерек стол уюштурулду. Бул иш-чарага М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Урмат Аттокуров катышып келди.

Шанхай бешилтиги 1996-жылдын 26-апрелинде Шанхайда Кытай Эл Республикасынын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын башчылары тарабынан кол коюу менен Шанхай Кызматташтык Уюуму түзүлгөн.

Уюмдун негизги максаты - саясий, соода-экономикалык, маданий-билим берүү жана башка тармактагы эффективдүү аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана стабилдүүлүктү колдоо.

Шанхай Кызматташтык Уюумунун көп пландуу кызматташтыгынын багыттарынын бири - билим берүү тармагындагы кызматташтык болуп эсептелет. ШКУнун мамлекет-мүчөлөрүнүн билим берүү тармагы боюнча үзгүлтүксүз жыйындары, билим берүү боюнча эксперттик топтун туруктуу жыйындары жана байкоочу өлкөлөр катышкан «Шанхай Кызматташтык Уюумунун мамлекет-мүчөлөрүнүн билим берүү боюнча жумалыктары» өткөрүлүп турат.

XII билим берүү жумалыгында Шанхай Кызматташтык Уюумундагы мүчө-мамлекеттериндеги билим берүү системасындагы көйгөйлөр каралды. Бул багытта алдыңкы окуу жайлардын тажрыйбалары менен бөлүшүү, талдоо, биргелешкен билим берүү системасына алып келүү жана сунуштарды Билим берүү министрлигине сунуштоо каралды. Жыйынтыгында программанын алкагында «Экономика», «Педагогика», «ймак таануу», «IT-технология», «Экология», «Нанотехнология», «Энергетика» багыттары боюнча Казахстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү тарабынан академиялык мобилдүүлүктү активдештирүү, биргелешкен илимий-педагогикалык кызматташуу жана жогорку окуу жайларынын мүчөлөрү тарабынан сунуштар жана иш-чаралардын аткарылышы боюнча чечимдер кабыл алынды.

М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети менен Тажикстан улуттук университети, Россия-Тажикстан (Славян) университети, Тажикстан технологиялык университети жана Ишкердүүлүк жана сервис институтунун ортосунда келишимдер түзүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть