10:56 5 декабря 2018

Кытайда Бүткүл дүйнөлүк Конфуций институттарынын жыл жыйынтыгын чыгарган 13-конференция өтүп жатат

Кытай Эл Республикасындагы Сычуан провинциясынын борбору Чэнду шаарында Бүткүл дүйнөлүк Конфуций институттарынын жыл жыйынтыгын чыгарган 13-конференциясы өттү. Ага ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков, ОшМУнун Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев катышууда.

Конференциянын жүрүшүндө ОшМУнун Конфуций институтунун 5 жылдыгына байланыштуу жаңы долбоорлор, жаңы перспективалар сунуш кылынды. ОшМУнун ректору конференциянын пленардык жыйынына жана секциялык иштерге катышып, жогорку окуу жайдын Конфуций институтунун тажрыйбалары, келечек максаттары боюнча ой бөлүштү. Ошондой эле Ханьбань штаб квартирасынын Борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы У Тун айым менен жолугуп, ОшМУнун Конфуций институту жана Кыргыз-Кытай факультетинин базасын кеңейтип, ОшМУда Кыргыз-Кытай институтун ачуу боюнча маселелерди талкуулашты.

Конференцияга Кытай Эл Республикасынын вице-премьери Сун Чунлан, билим берүү министри жана дүйнөдөгү 580дөн ашуун университеттердин ректорлору катышууда.

Өткөн жылкы Бүткүл дүйнөлүк Конфуций институттарынын жыл жыйынтыгын чыгарган 12-конференцияда ОшМУнун конфуций институту эң мыкты деп таанылып, ОшМУнун ректору К.Исаков алтын медаль менен сыйланган.

Конференция өтүп жаткан Сычуан провинциясында 91 млн, Чэнду шаарында 12 млн калк жашайт. Чэнду шаары пандалардын мекени катарында дүйнөлүк туристтерди кызыктырат. Конференция Кытайдагы жана дүйнөдөгү эң чоң конференц борборунда өтүп жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть