13:32 6 декабря 2018

Студенттик илимий конференцияда ЖАМУнун студенттери алдыңкы орундарга татыктуу болушту

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 15 студенти 2018-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу V аймактык студенттик илимий конференцияга катышып, ийгиликтүү кайтышты.

Конференцияга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен, Талас, Жалал-Абад, Баткен мамлекеттик университеттеринен, ОшТУ, КӨУ, ОшМЮИ, ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунан илимге кызыккан алдыңкы студенттер жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Пленардык жыйында ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору И.Кенжаев, ЖОЖдордун өкүлдөрү сөз сүйлөп, конференциянын ишине ийгилик каалашты.

Пленардык жыйында экинчи болуп, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин экономика жана бухгалтердик эсеп кафедрасынын 2-курсунун студенти Сыймык Мавлянкулов «Санарип экономикасы: биткоин жана криптовалютанын өзгөчөлүктөрү» темаласында баяндама жасап, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Конференциянын иши илимдин тармактары боюнча 8 секциялык иште улантылды. Секциялык иштердин жыйынтыгы менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинен барган студенттердин арасынан 1-орунга БЭк-1-17 тайпасынын студенти Сыймык Мавлянкулов, 2-орунга БЭк-1-17 тайпасынын студенти Диана Кочкорова жана 3-орунга медициналык факультетинин Фарм-1-17 тайпасынын студенти Нургул Жунусалиева ээ болуп, диплом менен сыйланышты.

Өткөрүлгөн V аймактык студенттик илимий конференциянын материалдары «ОшМУнун Жарчысы» илимий журналынын атайын чыгарылышында басылып чыгат. Студенттерди химия илимдеринин кандидаты Аида Бакирова жана экономика жана бухгалтердик эсеп кафедрасынын окутуучусу Мейманбү Акжолова жетектеп барып, илимий конференциядан ийгиликтүү кайтышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть