15:19 6 декабря 2018

ОшМУда «Манас айтуу» сынагы жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик университетинде Тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата ОшМУнун факультет, колледж, лицейлеринин арасында 5-декабрда «Манас айтуу сынагы уюштурулду.

Сынактын жыйынтыгында өзгөчө таланты менен айырмаланып, шык-дараметин жогорку деңээлде көрсөткөн Исскусство факультетинин студенти Камчыбеков Нурахмат 1-орунга ээ болуп I даражадагы диплом, Бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Дагыбек уулу Саринжи 2-орунга ээ болуп II даражадагы диплом, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Шарипова Дилнура 3-орунга ээ болуп III даражадагы диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле сынакка активдүү катышкан студенттерге да белектер тапшырылды.

Байге фонду 18 000 сомду түзгөн Манас айтуу сынагын уюштуруудагы негизги максат студенттердин мекенчилдик сезимин өстүрүү, элибиздин улуттук өнөрүнүн өнүгүүсүнө салым кошуу, студенттер ортосунда достук мамилени чыңдоо, таланттуу студенттердин жөндөм-шыктарын алып чыгуу, өнүктүрүү болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть