12:03 7 декабря 2018

ОшМУнун ректору Кытайда билим алып жаткан студенттер менен пикир алышты

Учурда ОшМУнун 150дөн ашуун студенти Кытай Эл Республикасынын алдыңкы университеттеринен академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билимин жогорулатып жүрүшөт.

Кытайдагы иш сапарынын алкагында ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков жана ОшМУнун Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев 7-декабрда академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып жаткан студенттер менен Синьцзян мамлекеттик педагогикалык университетинин залында жолугушуу өткөрүп, алардын сунуш-пикирлерин, ой-талаптарын угушту.

Ошондой эле студенттерди бардык убактысын билим алууга жумшап, чет өлкөдө тартиптүү жана үлгүлүү болууга чакырды. Өз кезегинде академиялык алмашуу программасында жүргөн ОшМУнун студенттери, магистрлери, докторанттары Каныбек Исаковго ыраазычылык билдиришти. Жолугушууда өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшкөн студенттер учурда билим алууга, жашоого заманбап шарттар түзүлгөндүгүн белгилешти. Алган билимдерин Кыргызстандын келечеги үчүн жумшай тургандыгын айтышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть