17:43 7 декабря 2018

ИИМдин Академиясында билим берүү тутумундагы коррупцияга каршы студенттик тегерек стол өттү

Автор: ИИМдин Басма сөз кызматы

2018-жылдын 7-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясында жогорку окуу жайлар арасында «Билим   берүү чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы аракеттенүүнүн заманбап механизмдери: студент жаштарынын көз карашы» аталышындагы   студенттик тегерек стол өттү.

Аталган иш-чара 9-декабрь — Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө жана 10-декабрь — Адам укуктарын коргоо эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Тегерек столдун ишине ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Т.Исаков, анын мүчөлөрү Ч.Касмамбетова, Р.Адамалиев, ички иштер министринин кеңешчиси Н.Жангабылов, Билим берүү жана илим министрлигинин Коррупцияны алдын алуу саясаты секторунун башчысы М.Усупбеков жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышышты.

Тегерек столдун модератору, ИИМдин Академиясынын коомдук-саясий дисциплиналар кафедрасынын башчысы Чолпон Кадырованын айтуусунда, бүгүнкү иш-чарага Кыргыз Республикасынын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери чакырылган. Алардын ичинен 10 окуу жайдын студенттери билим берүү тутумундагы коррупцияга бөгөт коюу темасында баяндамаларын даярдап келишкен.

Ушул жылы «Коррупцияга каршы чоогу туралы» плакаттардын республикалык сынагы жарыяланган. ИИМдин Академиясынын 2-курсунун курсанты Азим Бактыбеков сынакты жеңип алып, 22-ноябрь күнү Башкы прокуратура тарабынан Ардак грамота алган. Андан сырткары, ушул эле курсант улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча сынакка активдүү катышып, жеңүүчү аталды.

Тегерек столдун башында Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча сынакка активдүү катышкан Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын курсанттары менен студенттерине сыйлыктар тапшырылды. Аларды Чыңгыз Айтматов атындагы фондунун өзгөчө медалдары жана Ардак грамоталар менен сыйлашты.

Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов менен Евгения Строкова тапшырышты.

Андан соң, тегерек столдо жогорку окуу жайлардын студенттери билим берүү тутумундагы коррупция көйгөйлөрү жана аларды алдын алуунун жолдору тууралуу көз караштырын камтыган баяндамаларын окушту. Ар бир баяндама окулган соң, баяндамачыларга суроолор берилип, кызуу талкуу жүрүп, студенттердин курч тапкычтык менен айткан жоопторуна күлүп дагы жатышты.

Жыйынтыктап айтканда, тегерек стол ийгиликтүү өтүп, коррупция өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук жаратары боюнча бирдиктүү тыянак чыгарышып, аны менен бүтүндөй эл күрөшүү керектигин билдиришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть