18:44 7 декабря 2018

ИИМдин Академиясынын курсанттары Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө боюнча улуттук сынакта мыктылардын катарына кирди

Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү жалпы жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармачылыгын эң мыкты студенттик изилдөө боюнча улуттук сынагын жарыялаган. Анда ИИМдин Академиясынын 2-курсунун курсанты Бактыбек уулу Азим жана 3-курсунун студенти Шаршенова Азалия залкар жазуучунун чыгармаларына изилдөө жасап, ал эмгектери сынакка тапшырылган.

Аталган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, 60 студенттин изилдөө иши мыкты деп табылды. Алардын ичинде ИИМдин Академиясынан катышкан 2 илимий эмгек мыктылардын катарына кирип, сыйлыкка ээ болду.

Залкар жазуучунун туулган күнүнө карата жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2018-жылдын 7-декабрында «Сейтек» балдар борборунда өттү.

Жеңүүчүлөрдү Билим берүү жана илим министринин стат-катчысы Ж.Ташиев, академик А.Акматалиев, Р.Айтматова баш болгон комиссия мүчөлөрү куттуктап, сыйлыктарды тапшырышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть