13:07 10 декабря 2018

И.Раззаков атындагы КМТУнун политехникалык колледжинде “Рухий толкун” аттуу адабий поэзия кечеси өткөрүлдү

Базар экономикасынын тушунда, өсүп келе жаткан жаш муун өкүлдөрүнүн жүрөгүнүн түпкүрүндө руханий боштук орун алып келет. Мына ушул руханий боштукту бир аз да болсо толтуруу же туура багыттоо максатында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде 2018-жылдын 7-декабрында Кыргыз Тили Фестивалынын алкагында жүргүзүлгөн “Рухий толкун” адабий поэзия кечеси өткөрүлдү.

Кечеге таланттуу жаш акындар, жазуучулар союзунун мүчөсү, А.Осмонов атындагы лауреаттын ээси Акбар Кубанычбеков жана "Жаңы толкун" адабий клубунун мүчөсү, "Калемгердин пегасы" адабий конкурсунун баш байгесинин ээси Максат Жангазиев катышты.

Мен Киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калем сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны-деп.

ыр саптарында айтылгандай, ыр менен төрөлүп, ыр менен тушоосу кесилип, ыр менен үйлөнүп, ыр менен жашап, ыр менен мекенин данктаган жаш акындардын жүрөк эргиткен ырларынан колледждин калем кармап, көптү үмүттөндүргөн, акын катарына кошула турган студенттери дагы көркөм окуп, акындардын сөзүнө таандык обондуу, белгилүү ырларын аткарышты.

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.

И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору Жаманбаев Мураталы Жүзүмалиевич “Адам адамча өмүр өткөзүп, адамдык асыл сапаттарын өнүктүрүү үчүн, жеке материалдык муктаждык аны канаатандырабы?” -деген адабий поэзия кечесинин негизги суроосуна төмөндөгүдөй токтолду: “Кийим кийүү, техниканы пайдалануу, үй-жай күтүү, булар адамга жашоо үчүн керектүү материалдык муктаждыктар. Адам өзүнүн касиеттерин ачыш үчүн, ага кай бир учурларда андан ашып түшкөн рухий байлыктын муктаждыгы эң чоң орунду элейт.Ошол рухий байлыктын эң баалуулары — поэзия менен көркөм өнөр. Бул, көзгө көрүнбөс, колго кармалбас, бирок, адамды эргитип, анын жан- сезимине азык берген, көңүлүн ачкан, кай кезде адамды кеселден сакайткан рухий кубат дал ушул поэзияда, обондо, күүдө жана музыкада!”-деген учкай жылуу сөздөрү менен колледждин студенттерине окуудагы жетишкендиктерди, педагогикалык жамаатка албан ийгиликтерди, жаш акындарга чыргамачылык эргүү каалап, терең ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар.
Бытыранды урууларга бөлүнбөй,
Бир жеңден кол,бир жакадан баш чыгарчулар! - деп,

Кеченин аягында жаш акын Акбар Кубанычбековдун калемине таандык “Бир күн” аттуу ырлар жыйнагы мыкты көркөм окуган студенттерге белекке берилди. Таланттуу жаш акындар залда олтурган жаш өспүрүмдөргө аз да болсо жан дүйнөлөрүнө руханий муза тартуулашты.

Мен Киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калем сабы.
Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм
Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы- дегендей эле,
“Поэзия-жан дүйнөнүн азыгы!”.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть