14:42 11 декабря 2018

ИИМдин академиясында Ч.Айтматовдун чыгармачылык кечеси өттү

Автор: Пресс-служба

2018-жылдын 10-декабрында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында чыгармачылык кече өткөрүлдү.

Маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору К. Асанов, мамлекеттик ишмерлер, Айтматовдун санаалаштары А.Джумагулов, А.Муралиев, кыргыз эл жазуучусу А.Жакшылыков, жазуучу С.Темиралиев, Бишкек шаардык китепканатүзүмдөрүнүн директору К. Дандыбаева жана башкалар катышышты.

Өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору К.Асанов, «Биз Ч.Айтматовдун чыгармалары менен  тарбия алып өстүк. Мекенибизге болгон патриоттук күчтүү сезимдер да, дал ошондо жаралган десем да жаңылышпайм. Анын чыгармалары байлыкка же бийликке умтулууга эмес, табиятка жакын болуп аны коргоого үйрөттү. Адамдарга туура мамиле жасоо, эл менен бирге болуу,жакын болуу кандай бакыт экенин жазып кетти. Мен ушундай, Дүйнө жүзүнө таанымал, жөн гана таанымал болбостон бардык адамзатына тарбиясын берип кеткен инсан менен жердеш болуп, ал инсан баскан жол менен басып жатканыма сыймыктанам.

Сөзүмдүн соңунда, ушул жакта отурган келечек муунга айтаарым, элге кызмат кылам десеңиздер кыргыз элинин дал ушундай маданий мурастарына көп көңүл буруңуздар. Китеп окугула. Анткени маданияттуу инсан бардык жакта үлгү болуп, коомчулук менен иш алып барууда көптөгөн ийгиликтерге жетише алат. Милицияда кызмат өтөө ардактуу милдет жана чоң жоопкерчилик деп айткан сөзү бар Ч.Айтматовдун. Бул сөзүндө дагы, ал элдин коргоо биздин милдетибиз экенин баса белгилеп айтып калтырган. Ошондуктан өз элибизди коргоодо берилүү менен кызмат өтөп, эл ишеничин актайлы», - деди.

Маданий иш-чарада курсанттар Ч.Айтматовдун «Жамийла», «Кылым карытар бир күн» чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты.

Өткөрүлгөн иш-чара өсүп келе жаткан муунга туура тарбия берүүгө багытталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть