13:17 18 декабря 2018

Техникалык университетте Кафедра күнү белгиленди

2018-жылдын 14-декабрында И.Раззаков атындагы технологиялык факультеттин «Консервалоо кафедрасынын» жамааты жана студенттери Кафедра күнүн белгилешти.

Иш-чаранын максаты – ар кайсы курстагы студенттердин бири-бири менен тыгыз таанышуусу, аларды уюштуруучулук, ар тараптуу таланттарын оркундотуу, мамлекеттик тилди пропагандалоо, өз кесибине жакындан тартуу, мектеп окуучуларына кесипке туура багыт берүү, кафедранын жамааты менен эркин баарлашуу.

Аталган иш-чараны жыл сайын адаттагыдай кафедранын баардык курстагы студенттери өз ара уюштуруп, бул сапар залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналды.

Кечени технологиялык факультеттин деканы профессор Тамара Жунушалиева ачып берди. Коноктор катары университеттин жетекчилиги жана мектеп окуучулары да чакырылган. Жазуучунун чыгармалары менен жакындан таанышып, чакан көргөзмө уюштурулган, сахнада каармандардын монологдору жаңырды, жазуучу тууралуу викторина уюштурулуп, мыктыларга белектер тапшырылды.

Кафедра тарабынан студенттер арасында өз тилин сүйүүгө ар дайым көңүл бурулат. Бул кечеде белгилүү акындардын тилге болгон мамилеси жөнүндө ырлыр жаңырды. Андан тышкары, таланттуу студенттер бий, ыр, тамаша жаатында өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жогорку жана кичине курстун студенттеринен 2 команда түзүлүп, аларга бирдей тамак-аш азыктарынан түзүлгөн топтом берилип, белгиленген убакытта аларды колдонуп коктейль, смузи даярдоого мүмкүнчүлүк берилди.

Жалпысынан азыркы учурда кафедранын даярдоо багыттарында 9 топ окуйт. Бардыгы активдүү катышып, аларга сыйлоо баракчалары тапшырылды, андан ары таттуулардан чакан дасторкон даярдалып, кечени көңүлдүү улантышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть