Бүгүн, 21-декабрда Ош технологиялык университетинде энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди.
ОшТУнун энергетика факультети тарабынан уюштурулган энергетиктердин кесиптик майрамында окуу жайдын жетекчилиги тарабынан окутуучуларга, мыкты окуган жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге ардак грамоталар тапшырылды. Кече концерттик программа менен уланып, майрам шаңына шаң кошулду.