13:31 10 января 2019

ЖАМУнун мугалимдери менен кызматкерлери арасында «Ден соолук - 2019» кышкы спартакиадасы старт алды

Үстүбүздөгү жылдын 9-январында ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери арасындагы «Ден соолук - 2019» кышкы спартакиаданын салтанаттуу ачылуу аземи Педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин спорттук залында болду. Спартакиадага университеттин факультеттеринин жана структуралык бөлүмдөрүнөн 6 команда катталды.

Спартакиаданын ачылуу аземинде ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов сөз сүйлөдү. «Спорт – бул тынчтыктын тиреги, ден соолуктун булагы. Спорт ден соолукту чыңдоо менен бирге жамааттагы ынтымакты, кызматташтыкты да чыңдоодо чоң орду бар. Кайсы гана ишкана, окуу жай, район-шаар, мамлекет болбосун, анын атын чыгарган спорт жана маданий-массалык иш-чаралар болуп саналат. Биздин окуу жай жаштарга билим берүү менен катар эле аларды илимге тартып келет. Ошондой эле туура тарбия жана келечекке түз багыт берип, спорт менен дос болуусуна үндөп келесиздер. Ага далил – сиздер тарбиялаган студенттер мамлекеттин желегин желбиретип, Дүйнө чемпиондугунда жеңишке ээ болушууда, билим деңгээлдерин текшерип, олимпиадаларга катышууда. Сиздер жаштарга үлгү болуп, бүгүнкү кышкы спартакиадага жалпы жамаат биримдикте катышып, өз факультеттериңиздерди даңазалоого далалат жасап жатасыздар. Спартакиаданын катышуучуларына спорттук жеңиш каалайм жана уюштуруучулардын иштеринде ийгилик болсун!», - деп белгиледи ал.

Спартакиаданын башкы калысы Курманбек Ажибаевдин айтымында, катышуучулар ортосунда 6 спорттук оюндун түрү боюнча таймаш өткөрүлөт, алар: шахмат, тогуз коргоол, кичи футбол, стол үстүндөгү теннис, аркан тартмай жана волейбол.

Оюн 11-январга чейин уланат, жыйынтыктоо бөлүгүндө жеңүүчүлөр сыйланат. «Ден соолук - 2019» кышкы спартакиадасына 4 факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери катышууда. Ал эми таймашка Педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин, Медицина факультетинин, Табигый-техникалык факультетинин жана Экономикалык-юридикалык факультетинин, административдик башкаруу кызматкрлеринин, кенже тейлөө кызматкерлеринин командалары катышып жатат.

Уюштуруучулардын айтымында, профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер ортосунда ар жылы уюштурулуп келе жаткан спартакиада университеттеги жакшы салтка айланган көрүнүштөрдүнүн бири болуп эсептелинет. Анткени анын ниети, максаты – жалпы жамааттын биримдигин, ынтымагын бекемдеп, ден соолукту чыңдоо.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть