15:10 16 января 2019

№3 Лебединовка орто мектебинде «Айтматовдун ааламы» аттуу иш-чара өттү

№3 Лебединовка орто мектебинин кыргыз тилчи жана орус тилчи мугалимдери Майрам Турдубаева, Надира Дарманова, Гүлсайра Моңолбаева, Тамара Токтогулова жана Гүлмайрам Артыкова тарабынан «Чыңгыз Айтматов - кылым адамы» жана «Чыңгыз Айтматовдун калемгерлик иши» деген темада иш-чара өткөрүлдү.

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата 5-9-класстардын окуучулары Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырып чагылдырып беришти. Бул иш-чара мектептин бийчилер тобу менен коштолду. Ошондой эле аталган мугалимдердин «Чыңгыз Айтматовдун ааламы» деген темада өткөн ачык сабагына күбө болушту.

Иш-чаранын алкагында «Ала-Тоодон ааламга үн салган Чыңгыз Айтматов» деген темада дилбаян жана дубал гезит сынагы өткөрүлдү. Мектепте Чыңгыз Айтматов бурчу жан китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть