12:26 21 января 2019

Оштун математиктери Ташкент улуттук университетинде конок лектор болушту

Ош мамлекеттик университетинин математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин профессору Д.Турсунов, доцент Б.Азимов, улук окутуучу Г.Абдугулова жана эл аралык байланыштар боюнча декандын орун басары Г.Шамшиева ушул жылдын 15-18-январь күндөрү Улук Мирзо атындагы Ташкент улуттук университетине барып, тажырыйба алмашып, конок лекцияларды окуп келишти.

Сапардын алкагында физика-математика илимдеринин доктору, профессор Д.Турсуновдун «Асимптотика решения бисингулярно возмущенных задач» аттуу конок лекциясына аталган университеттин математика факультетинин академик, доктор, илимдин кандидаттары катышса, доцент Б.Азимов жана улук окутуучу Г.Абдугуловаланын лекциясына магистранттар катышышты. Ошондой эле профессордук-окутуучулук курам, магистрант, студенттер менен пикир алышып, тажрыйба бөлүшүп, аталган окуу жайдын сертификаттарына ээ болушту. Эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдеген иш-чараны МИТ факультетинин эл аралык байланыштар боюнча декандын орун басары Гүлмира Шамшиева уюштурган.

Улук Мирзо атындагы Ташкент улуттук университетинде математика боюнча 6 академик, 30 доктор, 60 илимдин кандидаттары эмгектенишет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть