12:27 25 января 2019

Кыргыз улуттук агрардык университетинин делегациясы ОшМУда болушту

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин деканы, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Б.Акназаров баштаган делегация 21-январда Ош мамлекеттик университетине кызматташуу алакаларын түзүү максатында келишти.

Аталган делегация алгач ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору А.Абдувалиев менен жолугушуп, университеттин электрондук башкаруу системасы, 80 жылдык тарыхы камтылган музейи, электрондук, илимий китепканасы, Дата-борбору, «Үмүт» телестудиясы, «Нур» гезити менен жеринде таанышып, маалыматтарды алышты.

Университеттин ректору Каныбек Исаков менен болгон жолугушууда ОшМУнун заманбап, ачык-айкын, классикалык университет экендиги, учурдагы заман талабына ылайык көп тилдүү билим берүү, академиялык мобилдүүлүк, «Ош декларациясынын» алкагында жүрүп жаткан ички мобилдүүлүктөрү, алдыдагы максаттар, пландар тууралуу презентация жасалды.

Өз кезегинде профессор Б.Акназаров ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экендигин билдирип, ОшМУдан үлгү алып, үйрөнө турган жагдайлар көп экендигин белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть