14:00 25 января 2019

ЖАМУда «Кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууда ата-эненин орду» аталышындагы тегерек стол өттү

24-январь күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р. Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында «Кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууда ата-эненин орду» аталышындагы тегерек үстөл болду. Ага окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов, проректорлор, профессордук-окутуучулук курам жана ата-энелер катышып, эркин баарлашуу болду.

«Биздин негизги милдетибиз – бул билим берүү, жөндөмдүү жаштарды илимге тартуу жана татыктуу тарбия берүү. Ал эми биз университеттин ичинде гана жүрүп, айрым нерселерди байкабай калуубуз мүмкүн, кемчилигибизди айтып, ой бөлүшүп, туура сунуштарды берсеңиздер, сиздер менен биргеликте кесипкөй адистерди даярдасак деген тилекте жыйынды уюштуруудабыз. Сиздердин балдарыңыздардан жакшы адис чыкса, ал мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз таасирин берет», - деди ректор Кеңешбек Усенов.

«Биздин окуу жайда жаштарга батыштын, чыгыштын технологиясынын негизинде жана ошолордун деңгээлинде билим берүүгө аракет кылабыз, ал үчүн шарт түзүлгөн. Мугалимдерибиз ар кандай долбоорлордун негизинде чет жерлерге барып, тажрыйба алмашып келүүдө. 2018-жылы 20 мугалим Испания, Германия, Швеция жана Орусияга барып, окуп келишти. Ошондой эле тил билген студенттерибизди башка мамлекеттерге окууга жөнөтүп турабыз», - деп кошумчалады ректор.

Университетте буга чейин кафедралык, факультеттик деңгээлде ата-энелер, иш берүүчүлөр менен жолугушуулар болуп келген. Студенттер кандай шартта билим алып жатканы, лабораториялар, техникалык базалар боюнча маалыматтар берилип, аларга экскурсиялар уюштурулган. Ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолрун берип, балдарынын окуудагы жетишкендиктерине мугалимдердин салымы зор экенин баса белгилешип, ыраазычылыктарын билдиришти.

Курманжан Султанова 4-курстун студенти, окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн президенттин стипендясына ээ болду. Жыйынга анын апасы Рыскан Абдыкалыкова да катышты. Сөзгө чыккан Р. Абдыкалыкова окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип, кызына мугалимдер татыктуу билим бергендигинин негизинде президенттин стипендиясын алууга жетишкенин айтып өттү. «Мен дагы ушул окуу жайды аяктап, өз кесибим менен эмгектенүүдөмүн. Кызымды ушул окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы кесипкөй адис катары даярдайт деген чоң үмүт менен ЖАМУну тандаганбыз. Тилегибиз аткарылып, өз адистиги боюнча дипломго ээ болуп, карерасын улантат деген тилегим бар», - деди ал.

Андан сырткары, келген коноктор жылдан-жылга окуу жай өнүгүп, заманбап болуп калганын баса белгилешти. Жыйындын жүрүшүндө конокторго студенттер концерттик программа тартуулап, ата-энелерге окуу жай тарабынан ыраазычылык каттар ыйгарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть