9:50 28 января 2019

Батыш Саксония университетинде «Эразмус плюс» программасынын алкагындагы долбоор талкууланууда

Кыргызстандагы жети ЖОЖдун ректорлору жана тиешелүү өкүлдөрү Германиянын Цвикау шаарындагы Батыш Саксония университетинде «Эразмус плюс» программасынын алкагында «Кырмеду» долбоору боюнча иш сапарында жүрүшөт. «Саламаттыкты сактоодогу информатика, менеджмент жана биоинженерия боюнча жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу» долбоору 2016-жылдын март айында башталган.

Долбоордун өнөкөштөрү: Батыш Саксониядагы Цвикау университети (Германия), Загреб университети (Хорватия), Клуж-Напока университети (Румыния) жана Кыргызстандан: КМКТАУ, КММА, КМТУ, ОшМУ, ТалМУ, ЫМУ, НМУ.

Долбоордун негизинде ОшМУда «Саламаттыкты сактоодогу информатика» деген адистиги ачылып, ага 2017-2018-окуу жылына 11 студент, 2018-2019-окуу жылына 15 студент кабыл алынып, билим алышууда.

ЖОЖдун ректорлору менен долбоордун координаторлору аткарылган иштерди жана келечекте аткарыла турган иш-чараларды талкуулашты.

«Эразмус плюс» долбоору Кыргызстандын ЖОЖдоруна, анын ичинде ОшМУнун материалдык-техникалык базасын чыңдоого, окутуучулардын билимин өркүндөтүү боюнча тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтүп келүүдө.

Жогоруда аталган Германия мамлекетиндеги иш сапарга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору З.Божонов жана долбоордун ОшМУдагы координатору Сарыкбаева Жүмагүл катышууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть