13:33 29 января 2019

ЖАМУда алгачкы форум уюштурулууда

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 1-февраль күнү «Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү — коомдогу компетенттүү адиси» аталышындагы I форум өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, форум биринчи жолу уюштурулуп жатат жана келечекте салт катары уланып кетет деген тилектер бар. «Биздин окуу жайдын ар бир бүтүрүүчүсүнүн коомдо орду бар жана профессионалдуу адис катары калыптанып, турмушта өз ордун тапса деп тилейбиз. Форумдун максаты — бүтүрүүчүлөрдүн рейтингин жогорулатып, кийинки бүтүрүүчүлөргө үлгү катары көрсөтүү», - дейт алар.

Форумдун программасында ЖАМУ жөнүндө видеороликтер көргөзүлөт, жетекчилердин, бүтүрүүчүлөрдүн куттуктоо сөздөрү жана кадырлуу конокторго окуу жайдын маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланат.

«Буга чейин иш берүүчүлөр, ата-энелер менен жолугушуу болгон. Университет көз карандысыз аккредидациядан өтүү алдында турат, андыктан кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууда коомчулуктун пикирин угуп, ар кандай сунуштардын негизинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга болот», - дешет уюштуруучулар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть