Европадагы Прага шаарында жайгашкан Карлов университетинин доценти жана докторанты Огулжамал Жазлийева илимий иш сапары менен ОшМУга келди.
Огулжамал айым проректор Абдыганы Осмоновичтин кабыл алуусунда жана эл аралык байланыштар бөлүмүндө болду. Жетекчилик ага университет, анын учурдагы жетишкендиктери, эл аралык байланыштары туурасында кыскача айтып берип, кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Чехиялык илимпоз журналистика, аймак таануу жана дипломатия багытында окуп жаткан студенттерибизге мастер-класс өтүп берүүгө жана дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири болгон Карлов университети менен ОшМУнун ортосунда келишим түзүп, иштешүүгө жана ар кыл долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга көпүрө болуп берүүгө убада берди.
Учурда факультеттерде мастер-класстар башталды. Алгач Огулжамал Жазлийева журналистика адистигинде билим алып жаткан студенттерге «Түркмөнстандагы медиа-мейкиндиктин динамикасы» деген теманын алкагында мастер-класс өттү.