15:19 5 февраля 2019

ЖАМУда Бүтүрүүчүлөр форуму өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында 4-февраль күнү «Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү — коомдогу компетенттүү адиси» аталышындагы I форум болуп өттү. Ага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, университетти аяктап, ар тармакта эмгектенип жүргөн бүтүрүүчүлөр катышты.

Алгач окуу жайдын басып өткөн жолун баяндаган видеотасма көргөзүлүп, катышуучулар тарабынан куттуктоо сөздөр айтылды.

Уюштуруучулардын айтымында, форум биринчи жолу уюштурулуп жатат, келечекте салт катары уланып кетет деген изги тилектер бар. «Биздин окуу жайдын ар бир бүтүрүүчүсүнүн коомдо орду бар жана профессионалдуу адис катары калптанып, эмгектенип жаткандарына күбө болуп турабыз. Бүгүнкү форумга катышкандардын арасында жетекчилик кызматты аркалагандар, катардагы өз ишин мыкты билген адистер бар экенин байкай алдык. Форумдун максаты — бүтүрүүчүлөрдүн рейтингин жогорулатып, кийинки бүтүрүүчүлөргө үлгү катары көрсөтүү», - дейт алар.

Айбек Сартбаев ЖАМУну 1996-жылы аяктап, мамлекеттик финансы тармагындагы ишканаларда эмгектенген, учурда Жалал-Абад облустук казына бөлүмүнүн башчысы. Ал аталган форумга катышып, жакшы тилектерин жана өзүнүн жетишкендиктерине окутуучулардын салыма чоң экенин баса белгиледи.

«Жалал-Абад мамлекеттик университети мамлекетке зарыл болгон адистерди даярдап, аймактардын кадр маселесин чечүүгө өз салымын кошууда. Биз окуп жүргөн кезде жаңы университет катары түптөлүп, техникалык базасы өнүгө электигине карабастан, окутуучулар мыкты билим берип, туура тарбиялашты. Биздин тайпадан 13 студент бүтүрүп, алар Кыргызстандын аймактарында эмгектенип жүрүшөт жана мен алар менен сыймыктанам. Азыр күн өткөн сайын абалы заманбап талапка ылайыкташып, өлкөдөгү алдыңкы окуу жайлардын катарын толуктоодо», - деди ал.

«Өз кесибин сүйүп, жумушуна потриоттук сезим менен мамиле жасаган адам гана өз өлкөсүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрө алат. Дүйнөлүк окуу жайларды аяктап, бирок өз кесибинин күйөрманы боло албагандар да арабызда жок эмес. Биз жалпыбыз Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз жана өнүгүп-өсүүсүн каалайбыз», - деген ыраазычылыктарын билдирип, коноктор өздөрү эмгектенген мекеме-ишканалардын атынан ыраазычылык, алкыш каттарын окуу жайга тапшырышты.

«Буга чейин иш берүүчүлөр, ата-энелер менен жолугушуу болгон. Университет көз карандысыз аккредидациядан өтүү алдында турат, андыктан кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууда коомчулуктун пикирин угуп, ар кандай сунуштардын негизинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга болот», - дешет уюштуруучулар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть