13:51 7 февраля 2019

ОшТУда Англис тили жумалыгы өттү

12-февралдан 17-февралга чейин жарыяланган Англис тили жумалыгынын алкагында Ош технологиялык университетинде Америка маалымат-ресурстук борбору, Ош технологиялык университетине караштуу мектеп-лицейинин 8-9-10-класстарынын окуучулары арасында таймаш өткөрүлдү.

Бул таймаштын негизги максаты — англис тилин эң мыкты денгээлде билүү.

«Окуучулар Улуу Британия, АКШ өлкөлөрүнүн үрп-адаты, каада-салты менен бирге кыргыз элинин салтын жана майрамдарын даназалоо максатында таймашышты. Бул мелдеште ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов, эл аралык мамилер бөлүмүнүн проректору Урмат Аттокуров, мектеп лицейинин директору Заир Абрахманов жана мугалимдер конок болуп, окуучуларга баа беришти.

Иш-чаранын сонунда активдүүы катышкан окуучуларга жана мыкты деп табылган тайпага сыйлуу баракчалар, баалуу белектер берилди», - деп билдирди уюштуруучу, Америка маалымат-ресурстук борборунун башчысы Миргүл Иманалиева.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть