15:37 7 февраля 2019

ОшМУнун Киноакадемиясынын алгачкы дебюту тартууланды

6-февралда Ош шаарындагы Бабур театрында ОшМУнун Киноакадемиясы тарабынан Чынара Калыбекованын «Наристелердин чаңырыгы» аттуу спектакли коюлду.

Спектакль Киноакадемиянын 1-2-курсунун студенттери тарабынан аткарылды. Жалпы университеттин окутуучулары, студенттери спектаклге күбө болушту. Койгон режиссер — Киноакадемиянын окутуучусу, режиссер Тимур Маматкулов.

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков Киноакадемиянын алгачкы дебюту менен кутуктады. Ошондой эле актердук өнөрдү аркалоону максат койгон таланттарды, чыгармачыл жаштарды, кинооператор, режиссер багытында мыкты адис болуп, жашоонун түркүн боекторун көркөм тасмага түшүрүүнү эңсеп тапшырган Киноакадемиянын чыгармачыл студенттерине, окутуучулар жамаатына ийгилик каалап, сыйлыктарын тапшырды.

«Бул театралдык коюм акын, драматург Чынара Калыбаеванын «Наристелердин чанырыгы» драмасынын негизинде иштелип чыкты. Мында негизинен коомдогу орчундуу маселе көтөрүлүп, жаштарды жеңил ойлуулуктан алыс болууга чакырат», - деди Киноакадемиянын директору Улукбек Омокеев.

Бишкек шаарында 2018-жылдын декабрь айында өткөн студенттик спектаклдердин IV республикалык «Жаңы ысымдар» театр февтивалына ОшМУ Киноакадемиясынын студенттери ушул спектакль менен катышып, «Мыкты дебют» наамына ээ болушкан.

Жакын арада ушул спекталдин негизинде тасма тартылары маалым болду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть