15:57 7 февраля 2019

Казакстанда өтүүчү «Эл аралык кышкы мектепке» Оштон 25 катышуучу барат

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков 2019-жылдын 10-24-февраль күндөрү Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Казак улуттук агрардык университети тарабынан уюштурулуп жаткан «Эл аралык кышкы мектеп – 2019га» бара турган ОшМУнун студенттери жана магистранттары менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда ректор студенттерге, магистранттарга жана жетектеп бара жаткан агай-эжекелерге жакшы билим алып, алдыңкы тажрыйба топтоп, ийгилик жаратып келишине тилектештигин билдирип, ак жол каалады.

ОшМУнун делегациясын жетектеп бара жаткан ОшМУнун 80 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин башчысы, эл аралык мамилелер факультетинин «Чыгыш таануу» кафедрасынын доценти, э.и.к. Камалов Эрлан Токтоназарович берген маалымат боюнча, студенттер жана магистранттар 2 жума бою «Суу ресурстарын башкаруу», «Жашыл экономика», Ветеринария», «Мал чарбачылыгын продукциясын өндүрүүнүн технологиясы, «Биотехнология жана тамак-аш коопсуздугу», «Айыл чарбасындагы инновациялык технологиялар жана техникалык каражаттар», «Жаратылыш ресурстарын башкаруу», «Өсүмдүк өстүрүүдөгү агроинновация», «Агротуризм» багыттары боюнча окушат.

Эл аралык кышкы мектептин негизги максаты – жаңы билимдерди алуу, практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу, инновациялык технологияларды жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн ыкмаларын өздөштүрүү болуп эсептелет.

Студенттердин, магистранттардын профессионалдык компетенцияларын калыптандыруучу лекциялар, мастер-класстар, тренингдер, тегерек столдор кышкы мектептин программасында каралган. Мындан сырткары, кышкы мектептин катышуучулары «STARTUP» долбоорунун сынагына катыша алышат. Мыкты долбоорлорго номинациялар берилет.

ОшМУнун студенттери жана магистранттары КазУАУнун «Ізденістер, нәтижелер» («Исследования, результаты») илимий журналына айыл чарба, ветеринария, биология, техника, экономика илимдеринин фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрүнүн актуалдуу маселелери боюнча илимий макалаларын жарыялашат.

ОшМУнун факультеттеринен жалпы 25 катышуучу, анын ичинен 12 магистрант, 11 студент, 2 окутуучу «Эл аралык кышкы мектеп – 2019га» катышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть