11:05 16 февраля 2019

КМУда акын Жедигер Саалаевдин поэзия кечеси ѳттү

15-февралда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында акын, журналист, юрист, ар кайсы жылдарда жарык көргөн «Жөрөлгө», «Башат», «Аргасыздык ырлары» ыр жыйнактарынын, «Бакдөөлөттүн жазы…» илимий-публицистикалык китебинин, бир катар пьеса, очерк, илимий жана көркөм-публицистикалык макалалардын ээси, эл аралык коомдук Ч.Айтматов Академиясынын, Омор Султановдун эл аралык коомдук Поэзия академиясынын академиги Саалаев Жедигер Ибраимовичтин поэзия кечеси ѳттү.

Поэзия кечесин университеттин ректору, профессор Т.Абдырахманов ачып, акындын ѳмүр жолуна, чыгармачылыгына, илимий-публицистикалык макалаларына кеңири токтолду жана КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде «Ардактуу профессор» наамын салтанаттуу түрдѳ ыйгарды.

Куттуктоо сѳздѳрү менен өкуу бѳлүмүнүн башчысы, профессор О.Капалбаев, музыка кафедрасынын башчысы, доцент К.Жакыпов жана Ош мамлекеттик университетинен келген коноктор чыгышты.

Кеченин расмий бѳлүгү аяктаган соң акын Жедигер Саалаев жан дүйнѳсүнѳн оргуштап чыккан ырларынан кѳркѳм окуп, таамай айтылган ыр саптары менен жаштарды ата-энени, туулган жерди, жубайды, жоро-жолдошторду сүйүүгѳ, урматтоого чакырды.

Бул кече салттуу поэзия кечелеринен айырмаланып, акын ырларындагы окуяларды эч бир сценкасыз, толук бойдон кудум жашоодо болуп жаткандай түшүнүктүү ыкма менен кѳрүүчүнүн жүрѳгүнѳ жеткире алды. Ошондой эле акын азыркы ааламдашуу заманында унутта калып бара жаткан поэзия дүйнѳсүнѳ жаштарды тартууга болгон аракетин жумшады.

Улуу инсандар даңктап келген «сүйүү» лирикалары жѳнүндѳ студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, ѳзүнүн студенттик күндѳрүн да эскерип ѳттү.

Акын Ж.Саалаев жаштар менен баарлашуу үчүн поэзия кечесин уюштуруп берген жетекчиликке, уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть